super.kg logo

"20га чукул адам дайынсыз". Японияда жер көчкү жүрүп 2 адам каза болду

 

Япониянын борбору Токио шаарынын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, 10дон ашуун үйдү кыйратып, 2 адам каза болуп, 20дай адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20 миңдей үй-бүлө аталган аймактан эвакуацияланган. Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантып жатышат. Ошол эле учурда 10дой адам үйүнө камалып, чыга албай калганын айтып куткаруу кызматына байланышкан.

Учурда аталган аймакта жаан бир аз басаңдаганы менен, 4-5-июль күндөрү синоптиктер кайрадан эле жаандын катуу жаашы мүмкүн экенин айтышкан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: