super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2020": Алгачкы оюнун трагедия менен баштаган Дания жарым финалга чыкты

 

Бүгүн, 4-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын акыркы жуптук оюндары болуп өттү.

Анда Баку тайпадагы алгачкы оюнун трагедия менен баштаган (Кристиан Эриксендин талаада эс-учун жоготушу) Дания курамасы Чехия менен кез келди. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле Дания атаандаштарынын дарбазасына 2 гол киргизди. Ал эми Чехия экинчи бөлүк башталары менен дароо оюнду колго алып, 49-мүнөттө гол жарата алышты. Калган мүнөттөрдү Чехия курамасы канчалык аракет кылбасын эсеп санын теңей алган жок.

Муну менен Дания турнирдин жарым финалына чыкты. Эми алар жарым финалда Англия курамасы менен кез келет. Бул эки команданын оюну 8-июль күнү Лондон шаарында өтөт.

Дания - Чехия (2:1);

Голдор: Томас Дилейни (5-м), Каспер Дольберг (42-м), Патрик Шик (49-м).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: