Депутаттар "сунушталган юридикалык терминдердин кыргызча-орусча сөздүгүн Жогорку Кеңеш эмес, өкмөт караш керек" дешти
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 28-октябрдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев юридикалык терминдердин кыргызча-орусча сөздүгүн Жогорку Кеңеш талкуулабашы керектигин айтты. "Муну парламент карап бүтпөйт, "Кумтөр" маселесине окшоп күндө бирден терминди талкуулап коюп жүрө беребиз. Долбоорду ишке ашырууну өкмөткө гана жүктөп коюш керек",- деди Абдиев.
Айта кетсек, аталган сөздүктө 14 миңдей термин камтылган. Долбоордун авторлору ар бир термин 3-4 сааттан, кээде жарым күндөн талкууланганын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















