"Токио-2020": Кыргыз өлкөсү күтүүсүздөн дагы бир жолдомого ээ болду
Айаал Лазарев быйыл жайында өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, май айында София шаарында өткөн Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирде Лазарев жеңилип калган индиялык Сумит Малик аттуу балбандан допинг аныкталган. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) аны жолдомосунан ажыраткан. Жолдомо автоматтык түрдө кыргыз балбанына берилет.
Муну менен Айаал Лазарев Кыргыз курамасынын карамагына 17-жолдомону алып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Кудай берет буйрукту деп бекер айтылбаганда,ийгилик алтын кутобуз Олимпиададан.