super.kg logo

Тажикстан "Талибан" кыймылы менен кагылышууда артка чегинген 300 ооган аскерин кабыл алды

 

"Талибан" кыймылы менен болгон кагылышууга туруштук бере албай артка чегинген 300дөй Ооган аскери коңшу Тажикстанга өттү. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, кечээ, 3-июль күнү кечинде Ооганстандын Хохон, Шахрибузург, Рогистон, Бадахшан аймактарында кырдаал курчуган. Кагылышуудан кийин бул аймактар ​​толугу менен "Талибандын" карамагына өткөн.

"Ооганстандын Куралдуу күчтөрүнүн 300 артка чегинген аскер кызматкерлери өмүрүн сактап калуу үчүн Тажикстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аргасыз болушкан. Ооган аскерлери Тажикстандын аймагына "Истиклол" жана "Саригор" заставасы аркылуу киришти. Тажик чек арачылары гуманизм жана жакшы коңшулук катышты эске алып, артка чегинген ооган аскер кызматкерлеринин өз аймагына өтүүгө уруксат берди", - деп билдирген Тажикстандын чек ара кызматы.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
04.07.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооганстанда канча район бар озу эки уч кундо 15 райондон басып алса
04.07.2021. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооганстанда 419 район бар
04.07.2021. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Афганистан провинциялык мамлекет
04.07.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибандарды ким каржылайт Америкабы
04.07.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ale,еврейлер
05.07.2021. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кетиште талибандар оганстанды басып алат окшойт
05.07.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Афганистанды басып алса ошончо куралы менен. Тажиктерди жон эле басып алат бизди кошуп. Кудай сактай кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: