Жумгалбек Бөрүбаев: “Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы чоң потенциалга ээ”
Мен, Жумгалбек Бөрүбаев Ош облусунун Алай районунда туулуп-өскөм.
Азыркы учурда жеңил өнөр жай тармагында эмгектенем. Тагыраак айтканда, заманбап токума аппараттардын негизинде трикотаждан жемпер, кардигандарды өндүрүп, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Өзбекстанга экспорт кылабыз. Бул мамлекеттерде Кыргызстандан тигилген товарлар өзүнүн бекем ордун тапкан. Тигүү тармагынын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп, бир топ ийгиликтерге жетиштик. Иш орундары менен адамдарды камсыздадык. Жогоруда мен айткан өлкөлөрдө туруктуу кардарларыбызды таптык.
Тигүү тармагын ичтен билген адам катары: “Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы чоң потенциалга ээ”, - деп айта алам. Бул тармакты мындан ары да өнүктүрүүбүз керек. Ал боюнча жаңычыл идея, ойлор бизде арбын. Борбор шаарыбыздагы жол тыгындарын азайтуу, Бишкек шаарынын деталдуу планировкасын кайра карап чыгуу, жол боюндагы белгилерди стандарттарга туура келтирүү, жол кыймылдарын уюштуруу боюнча да өз сунуштарым бар.
Бишкек шаардык кеңешине “Биздин Кыргызстан” партиясынан талапкерлигимди койдум. Эмне үчүн? Тигүү тармагы Кыргызстанда негизги экспортерлордун бири болгонуна карабастан ата мекендик өндүрүшкө мамлекет тийиштүү деңгээлде жардам кыла албай келет. Ижарага алып иштетүүгө муниципалдык имараттардын жана жерлердин ижара акысы да аябай кымбат. Албетте, бул маселелерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чече албайт. Улуттук деңгээлде карала турган маселелер бар. Шаар кеңешинин депутаты мандатына ээ болуп калсам ушул маселелерди көтөрүп чыгам.

«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
aslonur

04.07.2021. 19:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнесмендер акча таштабаса карапайымда акча жок да анчалык
Dembele84

05.07.2021. 15:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онуктурчу бир
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.