super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2020": "Ушунун айынан утулган". Швейцарияга каршы оюнда Франциянын эки футболчусунун ортосунда жаңжал чыкканы белгилүү болду

 

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1\8 финалынын алкагында ойногон Швейцария-Франция беттешинде Франциянын эки футболчусунун ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүндө коргоочу Бенжамен Павар Рафаэль Варанга барып, жарым коргоочу Поль Погба коргонууга жардам бербей жатканын айткан. Варан анын сөздөрүн Погбага айткандан кийин эки футболчунун ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал чечинүүчү бөлмөдө уланган.

Көпчүлүк спорт басылмалары "Евро-2020" турнирине катышуу үчүн чакыруу алган Франция курамасынын көптөгөн футболчулары бири-бири менен мамилеси солгундап кеткенин жазышты. Алсак, Киллиан Мбаппе менен Антуан Гризманндын, Карим Бензема менен Оливье Жирунун мамилелери келишкен эмес.

Футбол эксперттери ушундан улам Франция Швейцарияга 1/8 финалда жеңилип калганын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.07.2021. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атаандаштык бардык жерде болот...ал эми команда ичинде болсо, албетте оюндун жүрүшүнө таасир этет.Булар көбүнчө акчалары менен атаандашат,160 миллион евро алган Мбаппе пеналти тээп киргизе албай жатса берки футболчулар сасыйт да)))
05.07.2021. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Звездалар тыгылып кетсе да ошондой болот,сен кыйын мен кыйын болуп.Францияда акыркы 5 жылда жаш кучтуу футболисттер козу карындай бажырап чыгышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: