super.kg logo

Талаалар өрттөнүп, жүздөгөн мал-жандыктар кырылган Караганда облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 

Коңшу Казакстандын Караганда облусунун Улуутоо аймагында табигый талаа өртүнөн улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Караганда облусунун акими Жеңис Касымбек билдиргенин казак басылмалары жазышты.

"Талаа өртүнөн улам Улуутоо аймагында чукул арада өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен 200дөн ашуун бодо мал өлдү. Бир жигиттин сөөгү табылды. Учурда аймакта 17 өрт кырсыгы көзөмөлгө алынды. Күнү-түнү 70 техника, 350дөн ашык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар иштеп жатышат", - деген Касымбек.

Облус акиминин айтымында, 15 талаа өртүнүн ичинен 10у өчүрүлдү. Калганы көзөмөлдө турат.

Буга чейин Караганда облусунда талаа өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургундардын негизги киреше булагы болгон жүздөгөн мал-жандыктар кырылып калганы айтылган.






Караганда облусунда өрттөн мал-жандыктар кырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: