super.kg logo

Фотоальбом: Же күлүп, же ырдап турган Гүлназ Чыныбек кызынын балалыктагы сүрөттөрүнө саякат

 

Бүгүн, 5-июль "Жолуксак кандай жакшы" аттуу ыры аркылуу миңдеген күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын туулган күнү. Жаркылдап, жайнап жүргөн ырчы 33 жашка чыкты.



SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап, байланышка чыкты. Ал туулган күнү жакшы маанайда өтүп жатканын билдирди.

Гүлназ Чыныбек кызы 1988-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган. Ал ОшМУнун журналистика бөлүмүн аяктаган. Үйдө 6 бир туугандын төртүнчүсү. Коомчулукка казак ырчысы Ерке Есмехандын "Кайда" ыры менен белгилүү болгон. Ошондой эле анын "Мына", "Жолуккум келет", "Жолуксак кандай жакшы" жана башка ырлары эл арасында белгилүү.

Ал бала кезин төмөнкүдөй эскерет:

"Бала чагымдан эле ырдап-бийлегенди жакшы көрөм. Бир туугандарымды тизип алып, аларга концерт коюп берчүмүн. Такыр тынч турчу эмесмин. Ыраматылык чоң энем "Гүлназ ырдап, бийлеп, күлүп, же жок дегенде ыйлап турушу керек" деп айтып калчу. Азыр да ошондоймун. Мектепте жакшы окуган, активдүү, уюштуруучу кыз болчумун. "Маданият министри" элем. Дискотекаларды, концерттерди уюштурчумун. Танапис учурунда Айнаш деген классташым экөөбүз кыйкырып ырдай берчүбүз".

Кичинесинде эле музыка дегенде ичкен ашын жерге койгон Гүлназ кыргыз эстрдасынын белгилүү ырчысы Гүлнур Сатылганованы кумир туткан.

"Мен көбүнчө Гүлнур Сатылганованын ырларын ырдачумун. Гүлнур эженин чон фанаты элем. Гезиттерден сүрөттөрүн кыркып алып топтоп жүрдүм. Теледен Гүлнур эже ырдап чыкса, үйдөгүлөр мени кайдан болсо да таап чакырышчу. Эшикте жумуш кылып жатсам үйге чуркап келип ырдаганын угуп, буткөндө кайра чыгып жумушту улантчумун. Атам "Гүлнур Сатылганова биз жакка концерт коюп келсе, үйгө чакырып коноктоп, кызым менен тааныштырам" деп жүрдү. Бирок мен чоңойгончо Гүлнур эже айылыбызга келген жок. Классташтарым азыр да мени "биздин Гүлнур Сатылганова" деп айтышат", - дейт ал.

5-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
05.07.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттору аз го
NSKA түзөттү 2021-07-05 17:27:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: