super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Айыпталуучу Бишкектеги №1 тергөө абагына барбаш үчүн атайын аба толтуруп шишиген"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларынын бирин баяндайт.

Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Ош шаарында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемесинин медицина бөлүмүнүн башчысы, ички кызматтын подполковниги Абдибек Байзаков айтып берет.

- 1997-жылдары окууну бүтүп, №5 тергөө абагына жаңы ишке киргенимде көпчүлүк кылмышкерлер сотко чыкпаш же Бишкектеги №1 тергөө абагына барбаш үчүн ар кандай ооруларды симуляция кылышчу. Бир жолу бир айыпталуучу бөйрөгүм катуу ооруп жатат, сотко чыга албайм деп мага кайрылып калды. Беттери аябай шишип, көздөрү жумулуп калган. Тажрыйбам жоктугунан биринчи тактама жазып бердим. Кийин ошондой учурлар дагы кайталанды. Башка медицина кызматкерлерден сурасам эч ким билбейт. Андан соң өзүм жакшылап шашпай текшерип көрөйүн деп чечтим. Бөйрөгү ооруса биринчи буту шишип кетиш керек эле, бутунда шишиги жок, анализин текшертсем, өтө деле нормадан чыккан өзгөрүү жок.
Акыры шишиген бетин кармалап көргөнүмдө, айрыкча көздүн алдынан пырсылдаган нерселерди колумдун манжалары менен сездим. Пырсылдаган нерсе (крепитация) аба киргенде болорун медициналык китептерден окугам. Айыпталуучуга сен атайылап аба киргизген турбайсыңбы десем, мени менен айтышып, сиз дарыгер эмес экенсиз деп урушуп кеткен. Мен ага тактама жазып берген жокмун. Кийин ошол айыпталуучу атайылап терисинин алдына аба киргизгенин өзү айтып берип, кечирим сураган. Ошентип айыпкерлер мурда атайылап симуляция кылып, көп дарыгерлерди алдап келген жаман жоруктарынын бетин ачкам.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: