super.kg logo

Кыргыз жарандарын Орусияга алдоо жолу менен алып кеткен жаран аныкталды

 

ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Орусиянын Бурятия Республикасына иштегени келген 6 Кыргыз жаранынын паспортторун жумуш ээлери алып коюшуп, аларды мыйзамсыз кармап жүрүшкөн деген маалыматты текшеришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н. Кыргыз жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок болсо дагы жарандарды Орусиянын Бурятия Республикасына жөнөткөндүгү аныкталды.

"Кыргыз жарандары чет өлкөдө жумушка орношуудагы жакшы шарттарды жана жогорку кирешени убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык тармактар жана Бишкек шаарынын базарларында жайгаштырылган жарнамалар аркылуу билишкен. Мындан тышкары кармалган адам мигранттарга Орусияга кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жаранга шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, ага карата иш сотко жиберилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: