super.kg logo

Ысыкта чаңкоону кандыруу үчүн кайсы суусундукту ичүү керек? Адистин жообу

 

Алма ширесине суу кошулуп суюлтулган суусундук ысыкта эң жакшы жардамчы деп билдирет Орусиянын суусундук чыгаруу долбоорунун менеджери Людмила Хомич басылмаларга берген маегинде.

Жөнөкөй таза суу сиздин суусунуңузду кандырат. Бирок бул жетишсиз. Кан басымды жана бардык зат алмашуу процесстерин нормалдаштыруу үчүн организм туз балансын сакташы керек. Буга алма ширеси аралашкан суу жардам берет” - деген ал.

Ал эми канадалык илимпоздордун акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, мындай суусундук организмдеги туздардын тең салмактуулугун жакшы калыбына келтирет. "Алма ширеси атайын электролиттерге караганда 17 пайызга эффективдүү болгон" дейт адис. Эң башкысы мындай суусундуктун курамында калий бар, ал организмдеги суу менен туздун тең салмактуулугу үчүн жооптуу болгон негизги элемент.

Пайдалуулугуна карай кычкыл ширелерди ичүү: апельсин, грейпфрут же мөмө-жемиш суусундуктары сунушталат. Булардын курамындагы органикалык кислоталар денедеги кислота балансын сактоого жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: