super.kg logo

"Деңизге кулашы мүмкүн". Орусияда байланыш үзүлгөн АН-26 учагы тууралуу эмне белгилүү?

 

Бүгүн, 6-июлда Орусиянын Камчатка жарым аралында жүргүнчү ташуучу АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы учак деңизге кулашы мүмкүн экенин билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышты.

1. Учак менен байланыш Палана аймагында үзүлгөн. Ал убакта учак жерге ылдыйлай баштаган. Учкуч учуу учурунда бортто көйгөй жаралгандыгын айткан эмес.

2. Прокуратуранын маалыматы боюнча, учакта 29 адам болгон. Анын ичинен 23ү жүргүнчү жана алтоо экипаж мүчөлөрү. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Палана шаарынын тургундары. Бортто шаар башчысы Ольга Мохирева дагы бар.

3. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы учак деңизге кулашы мүмкүн деп болжолдошууда. Бул көрүнүш пилоттук катачылыктан улам келип чыгышы мүмкүн.

4. Орусиянын аба транспорту агенттиги окуя болгон жерде аба ырайы татаал экендигин жарыялады.

5. Ошол эле учурда синоптиктер 300-600 метр бийиктикти үзгүлтүксүз булут каптап тургандыгын, бирок горизонталдык көрүнүш жакшы бойдон калгандыгын, шамалдын күчү секундасына 2-8 метрди түзгөндүгүн айтышкан.

Учурда ыкчам издөө иш-чаралары улантылып, тик учактар тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.07.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аман эсен табылып калса эле ылайым
06.07.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коррупциянын жыйынтыгы эч убакта жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
Мен мен деген Россия дүйнөдө алдыңкы ПАК ФА 5-муундагы учактарды чыгарат. Ошол эле учурда космоско учат. Бирок Американын жеке ишкери Илон Маас Роскосмосту ашып өттү.
Ал эми Россия дагы эле ич ара каттамларына эски учактарын колдонот.
06.07.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,Кыргызстанчы??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: