super.kg logo

Бишкекти экологиялык таза шаарга айландырууну кыялданган ишкер Замирбек Эргешов

 

Бишкекти экологиялык таза шаарга айландырууну кыялданган ишкер Замирбек Эргешов мырза башкалардан башкача ойлонгон, Бишкек шаар турмушун жана жашоочулардын жашоо ыргагын башка нукка өзгөртүүнү ойлогон ишкер. Замирбек менен ат жалында маектештик.

- Замир мырза, алгач өзүңүз жөнүндө маалымат берсеңиз.

- Мен ОшМУнун тарых факультетин Артыкчылык диплому менен аяктагам. Университетти бүткөн соң Алышбаев атындагы институтта мугалим болуп бир топ жыл иштедим. Андан кийин ишкерликке өттүм.

- Учурда “Биздин Кыргызстан” партиясынын туусу алдында Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигиңизди коюптурсуз. Бул кадамга барууга эмне түрткү болду?

- Мен өзүмдүн идеялаштарым жана максатташтарымды ушул партиянын катарынан таптым. Партиянын шаардык кеңешке бара жаткан платформасы жана программасы мага жакты. “Мамлекеттин байлыгы – анын эли”, - деген сөз бар эмеспи. Эл болсо чың ден соолукта болуш керек. Шаардын жашоочуларынын ден соолугу чың болуусу үчүн велосипед тебүүнү салтка айландыруубуз керек, экинчи кезекте бул шаардын экологиясы үчүн чоң өбөлгө. Ошондуктан велосипед менен жүрүүнү пропагандалоо, ага шарт түзүү шаар бийликтеринин милдети болуш керек. Мен бул ишти өз мүмкүнчүлүгүмө жараша жайылтып келүүдөмүн. Бизде веложолдор эми гана курулуп баштады. Түштүк магистралында веложолдун курулуусу шаардыктар үчүн кандай кубаныч болгонун байкасаңыздар керек. Кечинде ошол жакка өтсөңөр, өзүнчө эле майрамдык атмосфера.
Борбор калаабыз акыркы учурларда абасы эң булганган шаарлардын катарына кирип калгандыгы өкүнүчтүү. Ошондуктан жеке турак жайларды толук газга өткөрүү, шаарда газ менен жүргөн автолордун көбөйүүсүнө стимул берген чечимдерди кабыл алуубуз керек. Шаарыбыз үчүн ар бирибиз колдон келген салымыбызды кыла беришибиз зарыл. Келечекте Бишкек ден соолугу чың, сергек жашоо образы менен жашаган адамдардын шаарына айланса деп кыялданам. Шаарыбызга илгерки жашыл шаар деген атагын кайрып берүүгө болот. Ал үчүн барыбыздын жапа тырмак аракеттерибиз керек. Курулушта болобу, жол салууда болобу, транспорт кыймылдарын уюштурууда болобу биринчи кезекте экология маселеси турушу – замандын талабы.

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: