Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Жабырлануучу оор абалда ооруканада жатат




Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү болжол менен саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен Курманжан Датка көчөсү менен кетип бара жатып 2001-жылы туулган Н.С. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө адам жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү иш-чараларын жүргүзүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдүн жардамы менен 5-июль күнү Ваз-21150 унаасы кармалган. Ал эми унааны 1981-жылы туулган Ф.Р. аттуу айдоочу башкарып бара жатканы аныкталган. Айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери башталды.


Же атайын белгиленген жерден өтүп жатабы же жол эрежесин бузуп өтүп жаткан бекен?