super.kg logo

Байгелди Нурдинов: "Биздин Кыргызстан" партиясы бул жаңы жүздөр, жаңы идеялар"

 

Байгелди Нурдинов 1996-жылы туулган, 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) тапшырган. Азыр ал ординатурада окуп, жеке клиникада хирург болуп иштейт. Мектепте ал президент, КММАда студенттик кеңештин төрагасы болгон. Студент кезинде ал көптөгөн илимий макалаларын жарыялаган, Кыргызстандын атынан чет өлкөлөрдөгү ар кандай сынактарга катышкан. Россиянын "Признание" сынагында абройлуу сыйлыкка ээ болгон. Ага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) илимдин алдыңкылары катышкан. 20 жашында "Жылдын жаш илимпозу" номинациясынын жеңүүчүсү болгон - "Илимий кызматташуу" эл аралык изилдөө борбору (Россия) Нурдиновго бул наамды ыйгарган.

Кыргызстанда эки жолу Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. Кыргызстандагы ЖОЖдордун ассоциациясы тарабынан эки жылда бир берилүүчү "Хан-Теңири" сыйлыгынын да ээси. Президенттик стипендия алган.

КМШ медицина университеттеринин студенттик илимий коомдорунун эл аралык ассоциациясынын президенти болуп шайланган. Евразия изилдөө институтунун стипендиясын алган.

Байгелди Нурдинов учурда "Биздин Кыргызстан" саясий партиясын колдойт.

Пандемия жөнүндө

Мен окуу жайды былтыр 2020-жылы, COVID-19 пандемиясы күчөп турганда бүтүргөм. Ошол күндөрү Медициналык академиянын алдында обсервация ачылып, ыкчам оорукананы уюштурууга ординаторлор жардам бергенбиз. Курсташтарым менен эки мобилдик бригаданы түзүп, чакырган жерлерге чыгып жаттык. Биз беш жүзгө жакын адам, бүтүрүүчүлөрдүн 90% медициналык практикабызды ушундай баштадык. Психологиялык жактан абдан кыйын болду, анткени биз өлүм менен бетме-бет кармаштык. 2020-жылдагы пандемия биздин пландарыбызга эбегейсиз чоң түзөтүүлөрдү киргизди.

Өткөн жылы биз бийликтегилер эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында эч нерсе жасабаганын, бир дагы оорукана курбаганын түшүндүк. Биздин медицина ата мекендик медицинанын кызматын колдонбогон адамдар тарабынан кыйратылганына күбө болдук. Бирок ошол адамдар 2020-жылы жайында өз мекенинде ушул жерден дарыланууга аргасыз болушкан.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы жөнүндө

Мен бүгүн “Биздин Кыргызстан” саясий партиясын колдойм. Анын себеби - бул жаңы жүздөр менен жаңы партия. Буга чейинки бийликтегилер өздөрүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү. Алар берген убадаларын аткарышпайт, андыктан аларга добуш берүү логикага жатпайт жана акылсыздык. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы - бул жаңы жүздөр, жаңы идеялар. Жаңы адамдар бийликке келип, туура чечимдерди кабыл алып, берген убадаларын аткарышат деп абдан ишенем.

Жаштар жөнүндө

Өлкөбүздүн жаштары бул жолу шайлоого олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Бардыгы салыштырганда билинет, ошондуктан эң жакшысын тандаш керек! Мен чын жүрөктөн жаштарга ишенем! Эгемендүүлүк доорунда туулуп-өскөн, азыр 30 жашка чыга элек бизде, көз карандысыз мүнөз, прогрессивдүү ой жүгүртүү бар. Прогрессивдүү ой жүгүртүүсү жана көз карандысыз көз карашы бар жаштар фактыларды талдап, салыштыра алышат. Ошондуктан жаштар туура чечим чыгарат деп ойлойм. Алар буга чейин болуп өткөн окуяларды баамдап, иштей албаган адамдар үчүн добуш бербейт. Азыр жаңы партиялар көп, ошолордун арасынан тандоо керек. Жаштар - бул күч! Бирок алар билимдүү, сабаттуу болсо мындан дагы күчтүү болот.

Жаштардын көпчүлүгү билимдүүлөр. Алар өз тандоосун жасап, чындап иштей тургандарды, убадаларын аткара тургандарды тандашы керек. Сабаттуу адамдар келбесе, сабатсыздар бийлешет.

Урматтуу жаштар, четте калбай, жөн гана карап турбай, шайлоого келип жүрөгүңүз менен добуш беришиңиз керек!

“Биздин Кыргызстан” - жаңы жүздөр, жаңы идеялар

Биздин Кыргызстан саясий партиясына добуш бериңиздер!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.07.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шайлана тургандарга кайрылып кетейин энергиянарды эконом кылгылачы а то шайлангандан кийин тугонуп калып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: