super.kg logo

"Жансыз денелер табыла баштады". Орусияда байланыш үзүлгөн АН-26 учагынын кулаган жеринен алгачкы видео жарыяланды

 

Орусиянын Палана шаарчасына жакын жерде зоого урунган АН-26 учагынын жүргүнчү ташуучу учагынын кулаган жерине бүгүн, 7-июлда таңга жуук алгачкы куткаруучулар жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерден 6 адамдын жансыз денесин табышкан. Учак зоого урунуп, сыныктары Охот деңизине кулап түшкөн. Учурда издөө иш-чаралары улантылууда.

Кечээ, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган.






АН-26 учагынын кулаган жеринен алгачкы видео жарыяланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.07.2021. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындарына сабыр берсин.
07.07.2021. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул кабарды уккандан баштап Кудайдын керемети менен сууга же башка жерге авариялык конгон болуш керек деп күтүп жаткам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: