super.kg logo

"200дөн ашык арыз келип түштү". Таласта каржы пирамидасын түзгөн жаран кармалды

 

Өлкөдө 6 ай аралыгында 906 каржы пирамидасы аныкталды. ИИМдин маалыматына ылайык, анын арасында Талас шаарында түзүлгөн "Эл биримдиги" өнүктүрүү фонду деп аталган компания да бар.

"Каржы пирамидасын уюштурган адам жакында кармалды. Ал Талас облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.К. болуп чыккан. Кармалган адамга карата тергөө кызматына 200дөн ашык арыз келип түшүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашкан", - дешти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте капка салынган жана жерде чачылып жаткан акчаны санап жаткан видео тараган. Талас облустук милициясы аталган фонддун кеңсесин тинтүү жана каражатты саноо жүргүзүлгөнүн, териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: