super.kg logo

Өлкөдө эмдөөдөн өткөн жарандарга жеке QR-код берилет

 

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөргө санариптик сертификат берилет. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Билдирүүдө айтылгандай, 6-июлда уюлдук операторлордун өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн санариптик сертификаттар менен камсыз кылуу маселеси боюнча жолугушту.

"Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн министрликтин жана тиешелүү байланыш операторлорунун (MegaCom, O!, Beeline) маалыматтык тутумдарын интеграциялоо аркылуу жарандарга жеке QR-кодун тапшыруу менен эмдөө сертификаттарын берүү зарылдыгы талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу санариптик вакцинациялык сертификаттарды берүүнү уюштуруу боюнча маалымат тутумдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча кызматтарды тез арада иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты. Ушул максаттарда электрондук сертификаттар боюнча маалымат алмашууну уюштуруу мерчемделүүдө. Операторлор тарабынан аныкталган уюлдук байланыш операторлорунун абоненттери вакцинациянын санариптик сертификатын ала алышат.

Улуттук вакцинациялоо кампаниясын колдоо максатында вакцина алган жарандарга байланыш операторлорунан абоненттерине бонустарды (интернет топтомдору, контентти көрүү жана башка) берүү жолу менен стимулдаштыруу пландаштырылууда", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2021. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кандай имиш ушак сөздөрдүн башы барып бекер чыкпайтго .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: