super.kg logo

Орусияда Кыргыз жарандарын жана эмгек мигранттарын эмдөө старт алды

 
Орусияда Кыргыз жарандарын жана эмгек мигранттарын COVID-19ка каршы эмдөө башталды. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коронавируска каршы эмдөө Сахарово кыштагындагы көп функционалдуу борбордо жүргүзүлүүдө.
Белгилүү болгондой, Москва шаары боюнча башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Елена Андрееванын 15-июнундагы "Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча жарандардын айрым топторуна профилактикалык эмдөө жүргүзүү жөнүндө" буйругуна ылайык, эмгек келишимдин жана жарандык келишимдин негизинде иштеген бардык жарандар жаңы коронавирус инфекциясына каршы милдеттүү эмдөөдөн өтүшөт.
"Ушуга байланыштуу жумуш берүүчүлөр өз кызматкерлерин эмдөө үчүн көп функционалдуу миграциялык борбор аймагындагы эмдөө пунктунда иштеп жаткан поликлиника менен келишим түзүп, борборго жарандарды жеткирүү керектигин билдирет. Жумуш берүүчүлөрдүн арызы каралгандан кийин Кыргыз жарандары вакцина алышат. Арызда уюмдун аталышы, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана ар бир кызматкердин паспортунун реквизиттери, ошондой эле эмдөөгө негиз болгон документтин түрү камтылышы керек. Иш берүүчү эмдөө кызматы үчүн акы төлөп кызматкерлердин күбөлүктөрүн алат.
Ал эми такси кызматында иштегендер үчүн эмдөө акысыз болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Эмдөө пункттары:
1) Сахароводогу көп функционалдуу миграция борбору, дареги: Москва, Вороновское, Варшавское шоссеси, 64-чакырым, 1-үй, 47-корпус. Иштөө убактысы: 24/7, 08:00дөн 20:00гө чейин;
2) "Садовод" соода борбору, дареги: Москва шаары, Верхние Поля көчөсү, 54-үй. Иштөө убактысы 08:00дөн 20:00гө чейин.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.07.2021. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенге кетиш эле керек болуп калды.
07.07.2021. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен вакцина алганмын жакында Кыргызстанга кетемин ошол сертификат мн кетсем болобу же пцр созсуз болуш керекпи билгендер жазып койунуздарчы
08.07.2021. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура берсенер маалыматты супер инфо Кыргыз жараандары орустар кайсыл жерден алса ошол жерден алып атышат вакцинаны страховый полис менен Кыргыз жараандары эмгек келишими менен иштешет Сахарова менен Садоводтон патент менен иштеген мигранттарга 1300 рублдан алып атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: