"Биздин Кыргызстан" партиясынын шаарларды өнүктүрүү "Жаратмандар жолу" программасы
Эгемендүүлүккө жетишкен күндөн тарта Кыргызстан эркин экономика жана демократия өнүгүү жолун тандаган. Эркин экономиканын шарттары шаар калкынын өсүшүнө, ички жана тышкы миграциянын көлөмүнүн жогорулашына алып келди. Шаар калкынын санынын кескин түрдө өсүшү бир катар маселелерди жаратты.
“Биздин Кыргызстан” партиясынын сунуштары:
1. Инфраструктура. Санарип технологияларын киргизүү менен суу, канализацияны заманбап системалар менен камсыз кылуу керек. Келечекте троллейбус, автобустарды көбөйтүү зарыл. Япония, Түштүк Корея, Кытай Эл Республикасынан инвесторлорду тартса болот.
2. Шаардын генералдык планын кайрадан карап, BISHKEK CITY долбоорун иштеп чыгып, Бишкек шаарына спутник болгон жаңы шаар куруу керек. Жаңы конуштарды укуктук талаага толугу менен киргизип, бардык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырабыз. Маселени чечүүнүн жолу - мамлекеттик жеке өнөктөштүк.
Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга газ түтүктөрүн жеткирүү. Жылуулукту камсыз кылууну толугу менен газга өткөрүү кыш мезгилиндеги түтүндөн сактайт, аба тазарат. Таштандыларды иштеп чыгуучу завод куруу. Шаарды жашылдандырууну пландуу түрдө уюштуруу. Транспорттук түйүндөрдү курабыз. Шаардыктар жолдордон коопсуз өтүүсү үчүн көпүрөлөрдүн санын көбөйтөбүз. Жарыктандыруу ири гана көчөлөрдө эмес, бардык жерде болот. “Коопсуз шаар” долбоорунун эффективдүүлүгүн кайрадан карап чыгып, жакшыртуу керек.
3. Шаардыктардын ынтымагын, биримдигин бекемдөө үчүн “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү район” деген сынактарды дайыма өткөрүп туруу керек. Шаардыктардын бош убактысын өткөрүү үчүн спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу зарыл.
4. Шаарда эл аралык талапка жооп берген спорт шаарчасынын курулушу пландалган. Ал жерде мелдештер өтүп турат. Келечектеги чемпиондор тарбияланат. Бул долбоорго бизнесте ийгиликке жетишкен мекендештерибизди жана башка чет элдик инвесторлорду тартуу зарыл. Негизгиси - аларга укуктук кепилдиктерди түзүп берүү.
5. Социалдык коргоо. Азык-түлүк дүкөндөрүндө коомчулук, бизнес чөйрөсүнүн колдоосу менен социалдык жактан аз камсыз болгон шаардыктар үчүн бекер азык-түлүк бурчтарын уюштурса болот. Майыптыгы бар адамдар үчүн шаар ичинде жеткиликтүү чөйрөнү түзүү керек.
6. Шаардык муниципалдык кызматтарды дээрлик бардыгын санариптештирүүгө жетишүү. Электрондук акча төлөмдөрүн ишке ашырууну кеңейтүү керек. IT-технологияларды окутууну уюштуруу жана семинарларды өткөрүү. “Бишкек IT-технологиялар борбору” аянтчасын уюштуруу.
7. Жылына Бишкек шаардык жаштар бизнес-форумун өткөрүү. Жаштар арасындагы ишкердүүлүктү колдоо, стартап бизнес долбоорлордун конкурстарын өткөрүп, жаштардын потенциалын ишке ашыруу.
8. Шаарда өзүн алып жүрүү маданияты. Тазалыкты сактоо, айланага аяр мамиле жасоо. Коомдук жайларга үйүбүзгө кандай мамиле кылсак, ошондой мамиле жасаганда гана баары өзгөрөт.
Өзгөрүүнү биз менен башта! Сен өзгөрсөң, мен өзгөрсөм - коом өзгөрөт!
Биздин жол - жаратмандар жолу!
“Биздин Кыргызстан” менен заманбап Бишкекти курабыз!
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.
кошулду

