super.kg logo

Бишкекте бир суткада 693 адамдан коронавирус аныкталды

 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 693 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында ооруканага жаткырылгандардын саны 66, үй шартында дарыланып жаткандар 627.

Борбор калаадагы илдет аныкталган райондор боюнча бөлүнүшү:

Ленин району - 129;

Свердлов району - 113;

Биринчи Май району - 93;

Октябрь району - 116 адамдан илдет аныкталган.

"Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан жана шаар конокторунан коронавирус инфекциясынын алдын алуу иш-чараларын так, өз убагында аткарууну суранат", - деп билдирди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: