super.kg logo
  Саясат  

Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 23-июнунда мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп, Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: