super.kg logo

“Ишеним” партиясы Бишкек тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырды

 

“Ишеним” партиясы Бишкек тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Саналуу күндөрдөн кийин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосу өтөт. Сиздер бул саясий жараянга катышуу менен ордо калаанын эртеңки келечегин аныктоого жана аны ишенимдүү адамдардын колуна тапшырууга салым кошосуздар.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна активдүү катышууңуздар шайлоо процессинин ачык жана таза өтүшүнө өзүнүн таасирин тийгизет.

Ошондой эле сиздер бул жарандык милдетиңиздерди аткаруу менен Бишкек шаарынын экономикалык жактан өнүгүшүнө, таза, коопсуз шаарды курууга чоң өбөлгө түзүп бересиздер.

“Ишеним” партиясынын башкы максаты – өзүнүн программасын ишке ашыруу менен бирге коомчулуктун өнүгүүсүн жана туруктуулукту жолго салууга багытталган.

Бийик максат менен эл ишенимин актоо үчүн “Ишеним” партиясы да шайлоого аттанып, команда шаар ичиндеги толуп жаткан көйгөйдү көрүүгө эмес, чечүүгө багыт алды.

Жалпыңыздарды, шайлоого активдүү катышууга жана жүрөгүңүздөр тандаган партияга ишенимдүү добуш берүүгө чакырабыз!

“Ишеним” партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: