super.kg logo

Орусиялык рэпер Моргенштерн жарым жылаңачтанып сүйлөшкөн кызына баш кошууну сунуш кылды

 

Орусиялык рэпер Моргенштерн (Валеев Алишер Тагирович) сүйүктүүсү Дилара Зинатуллинага өзгөчө стилде үйлөнүү сунушун киргизди. Бул тууралуу рэпердин колуктусу Инстаграм баракчасына жарыялаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда рэпердин жарым жылаңач болуп тизелеп турганын көрүүгө болот. 21 жаштагы Диларанын айтымында, Алишердин бул кылыгы ал үчүн күтүүсүз болгон.

"Мен күтпөгөн нерсе болду. Үй-бүлө жана үйлөнүү той жөнүндө көп сүйлөштүк, бирок аны мурда көрүп жүргөндөй жасоону каалаган жокпуз. Бул учур өзгөчө, күлкүлүү, күтүүсүз болушун кааладым. Ушул сыйкырдуу учур үчүн жана мен кичинекей кезимден бери кыялданган классикалык жомок үчүн рахмат. Мен сени сүйөм!" ,- деп жазган ал.

Буга чейин рэперге баш кошуу сунушун сүйлөшкөн кызы биринчи болуп жасаган. Бул сунуштан кийин Моргенштерн сүйлөшкөн кызын "кылымдын айымы" деп атап, өзү күйөө бала болуп калганын айткан.

Алишер менен Дилара 2017-жылы Уфада таанышкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
09.07.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орус оюуна келгенин кылат
09.07.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул орус эмес Башкыр .Чыныгы мусулман сунит олкосунон.Так что не путайте
09.07.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акыркы замандын белгилери ушул окшойт эми. Биздин да кээ биркилерибиз чыгат, аларды дуурашып
09.07.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Муну интернетке жарыялагандын озу куноо, канчалаган жаштардын психикасына терс таасирин тийгизет
09.07.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтан ата енесы канттекен
09.07.2021. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну көрүп шайтан таң калды болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: