super.kg logo

"Талапкердин жакын тууганы". Ошто шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип дагы бир жаран кармалды

 
Ошто шайлоочулардын добушун сатып алганга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"8-июлда саат 23:30 чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык, жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган К.Э. аттуу тургун кармалды. Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүшкөн тизме менен 1500 сомдон акча каражатын таратып жүргөндүгү маалым болгон. Алгачкы маалыматка ылайык, ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы.
Учурда 192-берененин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, 7-июлда саат 11:00 чамасында "шайлоочулардын добушун сатып алуу" фактысы боюнча Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошол эле күнү саат 22:00 чамасында добуш сатып алууга шектелип депутаттыкка талапкер кармалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: