super.kg logo

UFC мушкерлери Макгрегор - Порье беттеши качан башталат, кайдан көрсө болот?

 

Жекшемби, 11-июлда 2021-жылдын эң бүйүр кызыткан турнирлеринин бири - UFC 264 өтөт. Анын башкы окуясы, жеңил салмактагы, мурунку убактылуу чемпион Дастин Порье менен эки салмак категориясы боюнча лиганын экс-чемпиону Конор Макгрегор, үчүнчү жолку беттешүүсүн өткөрүп, октагондо акыркы чекитти коймокчу.

Алгачкы беттешүү 2014-жылы болуп, биринчи раундда эле нокаут менен Макгрегордун пайдасына чечилген. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь айында Порье жеңиш ташын өз тарабына оодарып, Макгрегорду экинчи раундда нокаутка жөнөткөн. Эми Конор өз карьерасын калыбына келтирүүгө кубаты жетер бекен, байкап көрөлү.

Конор Макгрегор - Дастин Порье беттеши

Беттеш 11-июль күнү болжолдуу Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

Макгрегор - Порье кармашын кайсы телеканал көрсөтөт (11.07.2021) UFC 264 турниринин башкы кармашынын видеотрансляциясын, онлайн режимде O!TV тиркемесиндеги UFC ТВ телеканалынан көрө аласыз.

UFC 264 турниринин жүрүшүндө 13 кармаш өтөт. Бүйүр кызыткан эрежесиз уруштарды, каалаган жабдуудан көрө аласыз - смартфон, планшет, ноутбук же Smart TV функциясын колдогон Sony, Phillips, Samsung, LG телевизорлору. https://o.kg/l/otv/ шилтемеси аркылуу O!TV тиркемесин көчүрүңүз. *750*3# буйрутмасын терип, күнүгө 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуңуз. Толук маалымат otv.kg сайтында. O!TV кошуп – спорттук эмоциялардын маанайы менен жалынын сез!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: