super.kg logo

Mbank Online'ды «О!Деньги» аркылуу комиссиясыз толуктоо

 

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы мурункудан дагы пайдалуу жана ыңгайлуу болуп калды.

Эми сервистин колдонуучулары Mbank Online`ды жана «Кыргызстан Коммерциялык банкынын» карталык эсептерин үйдө отуруп гана эмес, комиссиясыз дагы толуктай алышат. Мындан тышкары О! төлөм терминалдары аркылуу Mbank Online`ды толуктаганда мындан ары комиссия алынбайт.

Тиркемедеги кызматтан пайдалануу үчүн «Мой О!» тиркемесин орнотуу, «О!Деньги» капчыгыныны онлайн-идентификациясынан өтүү жана каталогдон керектүү сервисти тандоо жеткиликтүү. Акча дароо которулат, ал эми электрондук чек төлөмдөр тарыхында сакталып калат.

Белгилей кетсек, «О!Деньги» капчыгына Mbank Online`дан акча которуулар үчүн комиссия дагы алып салынган.

Тиркеме жөнүндө:

«Мой О!» тиркемеси 2 миллиондон ашуун орнотуулар белгисинен ашты жана Кыргызстанда эң популярдуу тиркемелердин бири болуп саналат. О! абонентинин жеке кабинети номерди башкарууга, ал эми «О!Деньги» капчыгы каражаттарды капчыктарга жана карталарга которууга, ошондой эле 900дөн ашуун сервистерди, коммуналдык төлөмдөрдү, интернетти, айып пулдарды, кафелердеги эсептерди, дүкөндөрдөгү сатып алуулар, май куюучу бекеттердеги күйүүчү май жана башка көптөгөн нерселерди онлайн төлөөгө жардам берет.

«Мой О!» тиркемесин шилтеме аркылуу орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: