super.kg logo

Изилдөөчүлөр: "Аялдардын баарлашуусу эркектерге караганда кызыктуу жана көп кырдуу"

 

Аризона университетинин психологдорунун изилдөөсүндө аялдар эркектерге караганда көп сүйлөйт деген стереотип чындыкка дал келбейт. Изилдөөчүлөр жүздөгөн студенттердин бир күндө сүйлөгөн сөздөрүн жаздырып алышып, андан кийин эсептеп чыгышкан.

"New Scientist" журналына жарыяланган маалыматтар боюнча, аялдар бир күндө 16 миңге жакын сөз сүйлөсө, эркектерде бир аз гана айырма болгон. Сурамжылоонун жетекчилеринин бири профессор Матиас Мехлдин айтуусуна караганда, анын кесиптештери “изилдөөнүн аягында аялдар эркектерге салыштырмалуу көп сүйлөйт деген жыйынтык чыгат” деп күтүшкөн. Бирок алар жалпы элдин аялдар эркектерге караганда үч эсе көп сүйлөйт деген ишенимдерине күмөн саноо менен карашкан. Бул ой Луанн Бризендиндин «The Female Brain» деген китеби жарыкка чыккандан кийин коомчулукка желдей тараган. Китепте бир күндө аялдар 20 миң сөз сүйлөсө, ал эми эркектер 7 миң сөз колдонушат деп жазылган.Профессор Мехл көптөгөн адамдардын бул изилдөөнүн жыйынтыгына ишениши кыйын экенин айтат. Бирок профессор “аялдар көп сүйлөйт, эркектер аз сүйлөйт деген стереотип аялдар үчүн да, эркектер үчүн да жаман эмес” дейт. Анткени бул стереотипке ишенген эркек унчукпоо - алтын дешип, жакшы эркек болуу үчүн аз сүйлөш керек деген жыйынтыкка келишет.

Ушак-айыңдар кыздар менен чогуу жүрөбү?

Аялдар ушак айтуунун кесипкөйлөрү - алар көбүнчө маанисиз нерселерди сүйлөшөт. Болбоду дегенде эркектер ар дайым ушинтип ойлошот. Лондон колледжинин психологу профессор Петра Бойнтон жүргүзгөн изилдөөгө карасак, аялдар бири-бири менен ар дайым эле маанисиз нерселерди сүйлөшпөйт. Алардын маеги эркектердин маегине караганда дагы жандуураак жана көптөгөн (40ка жакын) темада болот. Аялдардын маеги ден соолуктан үйгө, саясаттан модага, фильмдерден үй-бүлөгө, билим берүүдөн мамиледеги көйгөйлөргө чейин уланат. Ошондой эле алар футбол тууралуу да сүйлөшүшөт. Эркектердин баарлашуу темалары азыраак. Алар көбүнчө жумуштары, спорт, автоунаа, аялдар жөнүндө сүйлөшүп, бири-бирин тамашалаганды жакшы көрүшөт. Профессор Бойнтон изилдөө учурунда 1000ден ашык аялдан интервью алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2021. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еркектер да калышпайт аялдардан
10.07.2021. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтпаса да белгилуу эле да изилдоочулор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: