super.kg logo

Бишкек жана Оштогу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт иши аягына чыкты

 

Бишкек жана Оштогу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт иши аягына чыгып, ар бир катышкан партиялар өздөрүнүн программасы менен тааныштырды.

"Биздин Кыргызстан" партиясы дагы үгүт учурунда шайлоочуларга маалымат жеткирип, шаардын турмушун жакшыртууга кандай идеяларыбыз бар экенин айтып берүү менен бирге репутациясы таза, өз ишинде дасыккан, баштаган ишинде ийгиликтерди жараткан адамдарды командабызга чогулттук.

Биздин команданын курамындагылар - Кыргызстандын аймагында эӊ ири завод-фабрикаларды түптөп, миӊдеген жумуш ордуларын түзгөн жаратман адамдар.
Куруучулар жана мекенин берилип сүйгөн уул-кыздар, өз киндигин өзү кескен кесипкөй инсандар! Ар биринин артында мамлекетке, элине кылган көрүнүктүү иштери бар! Биз жаратмандарды топтодук, командабызга тилектештерди чогулттук. Биздин команда кыйратуучулар эмес, биздин тилектештер куруучулар, жаратмандар!
Келгиле, шаарыбызды куралы, жаӊылайлы, жараталы! Урматтуу шайлоочулар, сиздер дагы биздин катарыбызга кошулуп, идеяларыбызга ортоктош болуңуздар!

Шайлоо күнү активдүү катышып, келечек үчүн жарандык милдетти аткарууга баарыңыздарды чакырам. Шайлоодо татыктуу, тажрыйбалуу жана элин сүйгөндөр жеңишке жетсин! Жараткан элиме кызмат кылам деген азаматтардын жолун ачсын!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: