Чүйдө 16 жана 18 жаштагы кыздар көлмөгө чөгүп кетишти






Чүй облусунда эки кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздар Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө чөгүп кетишкен.
Алар 2003-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Э.к.А.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 18:03тө 3 куткаруучу чыгып, 18:59да жерине жетишкен. Издөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган кызды жансыз денеси саат 19:30да, ал эми 2005-жылы туулган кыздын жансыз денеси саат 21:10до табылган.
Кыздардын жансыз денелери ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(2)
Dembele84

10.07.2021. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чомулушту билбей эле сууга секиргендер кобойду
Rifle_I

10.07.2021. 14:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечээ бир көлгө бардык Турцияда. Айланасын укмуш көрктөндүрүп коюптур. Толтура тамак аш дегенге столдор, бышырганга мангал, темир очоктор. Шарт түзүүдө сөз жок. Көлдүн айланасына жасалма газон төшөлгөн. Көл тайыз болбогону үчүн сууга түшүүгө тыюу салынган. Ашыкча баш оору жок. сууга түшкүң келсе бассейнге бар экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.