super.kg logo

Бетине түкүрүүгө уруксат берген. Сауд Арабиянын ханзаадасын үй кызматчылары орой мамилеси үчүн айыптап чыгышты

 

Сауд Арабиянын ханзаадасы Турки ибн Фейсал Аль Сауддин үй кызматчылары аны орой жана жаман мамилеси үчүн айыптап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Франциянын полициясына 7 филиппиндик аял кайрылган. Алар ханзааданын бала багуучусу, үй кызматчысы. Алар ханзааданын Париждеги хан сарайында кызмат кылып келишкен.

Алар полицияга ханзаада, аялы жана балдары аларга орой мамиле жасап, кээде уктаганга уруксат бербей тургандыктарын айтышкан. Ошондой эле аларга эмгек акы аз төлөнөрүн, кол коюлган келишимде алардын маянасы көп суммада болгонун айтып арызданышкан.

"Бала багуучу кызматкерге ханзаада жакындары анын бетине түкүрүүгө уруксат берген. Эгер бала ыйласа анда аны сабашкан. Мисалы балдар өз каалоолору менен балмуздакты көп өлчөмдө жеп, кийин ашказаны ооруп калса бала багуучу жазага тартылган. Ошондой эле кызматкерлер ханзаада менен аялы уктаганга чейин иштегенге милдеттүү болгон. Бирок алар көбүнчө түнкү саат 3тө же андан кеч укташкан. Бирок ага карабай кызматкерлер эртең мененки саат 7де туруп жумуштарын аткарып, 4 баланы караш керек болгон. Алар болгону 3-4 гана саат уктап жүрүшкөн.

Дагы бир кызыгы, кызматчылар ханзаададан арткан гана тамактарды жешкен. Ашкана кечки тамакта гана ачылып, андан кийин дароо кулпуланган. Ошондуктан алар көп жолу ачка калышканын да жашырышкан эмес.

Бул окуялар көбүнчө 2013-2015-жылдар аралыгында болгон. Франциянын мыйзамдарына ылайык, кызматкерлердин эмгегин туура эмес пайдалангандар үчүн эң жогорку жаза 10 жыл. Бирок француз полициясы Аль Сауд Франциядан чыгып кеткендиктен жана дипломатиялык кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан аны кармай албай жана суракка ала албай турганын айтышкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
10.07.2021. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ана мактаган арабдар
10.07.2021. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жомок
10.07.2021. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тооба, чын бекен өзү. Андай болбосо керек, кеткенден кийин сүйлөй беришет да, барында айтып төлөтүп алышпайт беле.
10.07.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Арабдар, турктор ото ачкоз, саран болушат. Базарда иштеп журуп коп кордкм го. Биздин кыргыздар анчалык соодалашпайт, турк, арабдар, айрыкча арабдар беш сом учун тартышып тураберишет. Капчыгын аып чыкканда корсон ичи толо коп акча. Европалыктар, орустар жакшы кардар, бир ооз соодалашкан адам болот да, жок десен айткан пулуну берип кете беришет.
10.07.2021. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөнөкөй колунда жок болсо да бир жөн ушунча байлыгы болсо да сарандарды эми уктум
10.07.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген ушул да, чөлдөн чыккак бедуин тукуму бир заматта болуп кетсе... Арабдарды идеалдаштыра бербейли..
10.07.2021. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин синдим катарда иштеген. Арабтар олло жмот. Иштетип эле турса акча беришбесе. Ислам идеальная мусульмандар эмес. Арабтарды идеал тутбаш керек. Аллахтан башка эч ким жазалоого укуктуу эмес дейт, а жазанын эн татаалдары араб олколорундо катталган. Аялдарды таш баран кылып олтуруу сыяктуу. Исламды жакшы тушунгон Чубак ажы сыяктуу аалымдарды угушубуз заарыл 5 маал намазын чалдырап окуп арабтардын койногун кийип сакалын саксайтып алгандарды эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: