Бишкекте миңден ашык шайлоочу добуш берди. Саат 12:00гө карата шайлоо тилкелеринен тышкары жайларда добуш берүү боюнча маалыматтар
Саат 12:00гө карата шайлоо тилкелеринен тышкары жайларда добуш берүү боюнча маалыматтар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
10-июлда саат 12:00гө карата Бишкек шаары боюнча 124 шайлоо участогу шайлоо тилкелеринен тышкары жайдан добуш берүүнү аяктады, 1 467 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.
Ош шаары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жайларда 1168 шайлоочунун 822 шайлоочусу добуш берди. 78 шайлоо участогунан 65инде шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.
Токмок шаары боюнча шайлоо тилкелеринен тышкары жайдан добуш берүү жөнүндө арыздар берилген 20 шайлоо участогунда 222 шайлоочунун 65 шайлоочусу добуш берди. 20 шайлоо участогунда 8 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады.
