БШК: "Үч шаардык кеңешке кайра шайлоодо санитардык ченемдер катуу сакталат"
Үч шаардык кеңештерде кайра шайлоодо санитардык ченемдер катуу сакталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК жарандардын ден соолугун коргоо максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону өтүнөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК бекиткен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары:
- добуш берүү процесси башталганга чейин жана добуш берүү процессинде график боюнча добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди, ошондой эле жабдыктарды нымдуу чүпөрөк менен кылдат жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзөт;
- добуш берүү үчүн орун-жайга кире бериште дезинфекциялык эритме менен нымдалган килемче жайгаштырат;
- добуш берүү күнү шайлоо участогуна кире бериште контактысыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү жүргүзөт;
- шайлоочулардын шайлоо участогуна жашы жете элек балдарды алып келбөөсүнө көзөмөл жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.