Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 миң 511 жаран шайлоого катышты
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 миң 511 жаран шайлоого катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
"Кечээ добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү өттү. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн 3 995 арыз түштү, анын ичинде Бишкекте – 2605 арыз, Ошто – 1168 арыз жана Токмокто – 222 арыз түштү.
Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген.
Бишкекте – 2277, Ошто – 1031 жана Токмокто – 203 шайлоочу добуш берди", - дейт ал.
