super.kg logo

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кайра шайлоодо добуш берди

 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо өзүнүн тандоосун жасады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылган. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов саат 09:11де №5555 шайлоо тилкесинде добуш берди.

"Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинин бардыгында активдүү добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн муниципалитет тарабынан бардык шарттар түзүлгөн. Тиешелүү санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир шайлоочуга бет кап жана кол каптар берилип, тилкелер тынымсыз дезинфекцияланып турат. Бардык шайлоо тилкелери керектүү шаймандар менен камсыздалган. Ош шаарында катталган шайлоочулардын жалпы саны 152 миңден ашуун адамды түзөт", - деген Сарыбашов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: