Кара-Көл шаарында эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Алардын абалы оор




Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда Хонда Одиссей унаасы менен Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркады.
"Жерине Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар каза болгон аял кишини унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары оор", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аман эсен жакшы болуп кетишсин Кудай буйруса .