Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы: "Талапкер "жымжырт күнү" үгүт иштерин жүргүзгөн"
"Талапкер "жымжырт күнү" үгүт иштерин жүргүзгөн", - деп бүгүн, 11-июлда брифингде Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан талапкер 10-июлда үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы жана добуш сатып алуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аттокуров шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча 3, добуш сатып алуу боюнча 16, административдик ресурстарды колдонуу боюнча 3 арыз түшкөнүн маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.