Ош - Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди
Ош - Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 70-чакырымында Лексус-570 жана Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Жол кырсыгынан 1 аял, 1 эркек каза болуп, дагы 1 аял, эки эркек ар кандай жаракаттарды алышкан. Жерине Алай райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышкан.
Жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелери ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kombi

11.07.2021. 22:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде кандай болду билбеймго. Бирок Джип встречке коп чыгат. Кокус алаксып калсан корбой, бетме бет сузушосун. Видео регистратор толонуш керек 100%
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.