"Евро-2020": "Англия - Италия". Бүгүн түндө Лондондо финал өтөт
Бүгүн, 11-июлдан 12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалдык оюну Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт.
Бүгүнкү финалдык оюнда Италия курамасы менен Англия кез келет. Италия финалга Испанияны пенальтилер сериясында жеңип чыкса, Англия Данияны жеңип чыккан. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Финал: Англия-Италия;
"Уэмбли" стадиону (Лондон шаары, Англия);
Башкы калыс: Бьорн Кёйперс (Нидерланды).
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча плей-офф баскычына 16 команда чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.