Боом капчыгайындагы жол кырсык. 5 бала жабыркап амбулатордук жардам көрсөтүлдү



Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылган автобустардан 6 адам жабыркаган. Алардын бешөө балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар 9, 13 ,8 ,15 ,12 жана 28 жаштагылар.
"Балдарга амбулатордук жардамдар көрсөтүлдү, ооруканага жаткырылгандар жок", - деди басма сөз кызматынан.
Ысык-Көлдөн Бишкекке лагердеги балдарды 5 автобус милициянын кайгуул кызматынын коштоосунда Бишкекке алып келе жатышкан. Ага чейин Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолго туурасынан токтоп калган. Алгач кызматкерлердин унаасы биринчи токтогон. Андан кийин биринчи жана экинчи автобус токтоп, үчүнчү автобустун айдоочусу кандайдыр бир себеп менен алдыңкыларды сүзүп токтогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.