Талас облусунун тургуну мас абалында бир тууган агасын атып салган
Талас облусунун 1964-жылы туулган тургуну мас болуп алып 1951-жылы туулган бир тууган агасы менен уруша кетип, аны атып салган. Окуя 25-октябрда болжол менен саат 20ларда болгон. Бул тууралуу КРнын ИИМине билдиришкен. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргение караганда, ок жеген эркек эсине келбей каза болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Ок атылган ТОЗ-8 ок атуучу куралы катталбаган болуп чыкты. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, сурак амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KAREGLAZAYA_VOLCHICA

30.10.2013. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасынан иниси олуп калган замана. Эххх дагы да болсо арак.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.