"Арстан, Лениндин айкели, жолтоо болгон аял". Бишкекти катуу сындап кеткен Илья Варламов эми Ошто
Орусиялык блогер жана журналист Илья Варламов Ош шаарына келди. Ошто жүргөн видео, сүрөттөрүн ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялап жатат.
Алгач ал Ош шаарынын борборуна барып, Лениндин эстелигин, Кыргыз өлкөсүнүн туусун тартып баракчасынын "Stories" бөлүмүнө киргизди. Андан кийин өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырган аял ага Ош шаарын тартпоосун айткан.
"Бизде кызык окуя орун алып жатат. Өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырган белгисиз аял Ош шаарын тартпоомду айтып, артымдан ээрчип жүрөт", - деди Варламов.
Андан кийин ал шаардын көчөлөрүнүн бириндеги арстандын эстелигине көңүл бурган.
Илья Варламов Кыргыз өлкөсүнө былтыр, 2020-жылдын сентябрь айында келип кеткен. Анда анын Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай, сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган. Мындан тышкары Бишкектин инфраструктурасын кескин сынга алып, бирок жашоочулардын меймандостугу тууралуу оң пикирлерин айткан 1 сааттык видеоберүү даярдаган.
Илья Варламов Ошко келди
Белгисиз аял Илья Варламовдон Ошту тартпоону талап кылды
Ошту тартууга Варламовго белгисиз аял тоскоол болду
Варламов Оштогу Арстанга кызыкты







1 |