super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү улана турганын айтты

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 28-октябрда өкмөттө кеңешме өткөрдү. Анда парламентте "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо маселеси каралгандан кийин түзүлгөн 3 жумушчу топтун маалыматы угулду. Жумушчу топтун жетекчилери биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев жана каржы министри Ольга Лаврова маалымат беришти.  

Жантөрө Сатыбалдиев жумушчу топторго ноябрь айынын ортосуна чейин "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча мүмкүн болгон варианттарды Консультативдик кеңешке сунуштоо тапшырмасын берди. Премьер-министр бардык жумушчу топтордун иш жыйынтыгы "Кумтөр" боюнча жаңы макулдашуунун долбоору болушу керектигин белгиледи.  

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду четке какты. Ал меморандумга ылайык, канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүп, ишканадагы үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү жагы каралган эле. Бирок көпчүлүк депутаттар аны колдошкон жок. Өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасы жүктөлүп, "Центерра" менен кайрадан сүйлөшүүгө 2 ай убакыт берилди. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: