super.kg logo

"Шайлоо-2021": "Реформа" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады

 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан "Реформа" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Мындай маалымат партиянын лидери Клара Сооронкуловага байланышканыбызда белгилүү болду.

"Реформа" партиясы Бишкек шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт.

Бул 2021-жылдын 11-июлунда болгон шайлоодо ушул жылдын 11-апрелинде орун алган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон ашкере добуш сатып алуулар жана административдик ресурстун колдонулушу кайрадан орун алды.

"Реформа" саясий партиясы БШКны жана компетенттүү органдарды бардык укук бузуу фактыларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, объективдүү иликтөөгө жана укук бузган партияларды чечкиндүү түрдө тиешелүү жазага тартууга, ал тургай шайлоодон алып салууга чакырат.

Ошондуктан биз БШКны бул шайлоонун жыйынтыгын бардык бузуулар изилденмейинче, бекемдебей турууга чакырабыз.

Партия Бишкек шаардык кеңешке өткөрүлгөн шайлоону чынчыл, адилеттүү жана демократиялуу деген шайлоонун жалпы принциптерине жана шарттарына жооп бербейт деп эсептейт", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(3)
11.07.2021. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анда кайрадан шайлоо өткөрүш керек, ал шайлоодо да мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу болсо кайра өткөрүш керек, кайрадан өткөрө бериш керек акыры тажап партиялар деле койбой калатко
12.07.2021. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Достойный шайлоо откоро албаса,бийлик кетиш керек!
12.07.2021. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силерге озу бирдеме жагабы, женилгенди да билиш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: