Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркияда өтүп жаткан мелдеште биринчи беттешин утту

28-октябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында байге фонду 25 миң доллар болгон теннис боюнча мелдеш башталды. Аталган мелдешке Италиянын Флоренция шаарында жашап, машыгып келген кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина катышууда. Мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө Ксения Палкина өзбекстандык Нигина Абдураимова менен бирге биринчи беттешин жеңди. Ал эми мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө Ксения германиялык Анна Зая аттуу теннисчиге каршы беттешүү менен баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.