super.kg logo

Прокуратура: "Унаа" мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

 
“Унаа” мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жеке пайда көрүү максатын көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен коррупциялык схема түзүшүп, чет өлкөдөн келген автоунааларды мыйзамсыз каттап келишкендиктери аныкталды.
Атап айтканда, Р.Т. аттуу жарандын оң рулдуу Тойота-Альфард унаасын каттоого алуу учурунда С.А. аттуу жаранга таандык Форд Фокус үлгүсүндөгү автоунаасында 2014-жылдан бери каттоодо турган мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен унаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен.
Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу унаалар каттоого алынбай тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөнү менен "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогорудагыдай эле мыйзам бузуу менен 16 автоунааны каттоого алышып, мамлекетке 14 миллион 340 миң 297 сомдук зыян келтиришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: