super.kg logo

Дагы эки партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады

 
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан "Туран" жана "Улуу-Журт" партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Мындай маалыматты партиянын мүчөлөрү маалымдашты.
"Туран" партиясы социалдык тармактагы баракчасына шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын жазып, элге кайрылышкан.
"Оппозициялык "Туран" саясий партиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоону тааныбайт.
Партия жетиштүү добуш албай калгандыгы үчүн эмес, добуштар атайын бурмаланып фальсификацияланды. Бул шайлоочуларыбыздын берген добушунун жыйынтыгы эмес, бийликтин каалаган партиясынын келишинин кадамы.
Партия кайра шайлоону каалабайт. Бирок шайлоочуларыбыздын ар бир добушу үчүн күрөшөт жана активдүү ишмердүүлүгүн уланта берет", - деп жазылган партиянын расмий баракчасында.
Ал эми "Улуу-Журт" партиясынын талапкери Анарбек Катагановго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бизде олигархтык система болуп, добуш сатып алуу менен өтүү принциби болуп жатат. Бул нерсени олигархтык партиялар жакшы билет экен. Анткени эл шайлоого ишенбейт. Анан тиги партиялар элге пандемиядан соң акча керектигин билишет, добушун 1000, 2000 сомго сатып алышат. Ошол системага башынан каршы чыгып жатканбыз. Бирок бийлик көңүл бурган жок.
Шайлоону өткөрүү үчүн биринчи мыйзамды алмаштыруу керектигин айтканбыз. Добуш сатып алууга кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Айрым партиялар биринчи шайлоодо да, бул шайлоодо да чоң акча кетиришти. Эми алар өткөндөн кийин ошол акчаны канча коротсо эки, үч эсе керек болсо 100 эсе элден кайра чыгарып алат. Алардын элге иштейин деген ою жок. Бул шайлоодо да кайра эле добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулду", - деп билдирди партиянын талапкери.
Андан сырткары "Реформа" партиясы дагы Бишкек шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыктарын тааныбастыгын маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.07.2021. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа,ошентип тааныбай журо бергиле бюджетти жеп
12.07.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,бюджетти бийликтин партиялары жеп жатышат негизи. Элдин акчасын арамга айлантып элге чачып
12.07.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бир да партияны тааныбайм.
12.07.2021. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи эл менен жакшы иштерди жасап таанышкыла анан эл силерди тааныйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: