super.kg logo
  Саясат  

Таңкы Бишкек

 
Күндүн чыгып келе жаткан кездин өзүндө чыныгы көркөмдүк бар
Күн нуру да, жашоо да түркүн түскө ээ. Кандай өң экенин өзүбүз тандайбыз. Андыктан эртеңки жашооңуз бүгүнкүдөн жакшы болсун деп тилейбиз шаардык замандаш
Таңкы Бишкек. Күн жаңыдан уясынан чыгып жаткан кез
"Ким эрте турса ошого ийгилик келет дешет. Бирок ийигилик кандай маанайда ойгонгонуңдан көз каранды" деп айткан Марсель Ашар. А сиз шаардык замандаш бүгүн кандай маанайда ойгондуңуз экен?
"Миң чакырымга карай жол биринчи кадамдан башталат" деген Лао Цзы. Жаңы бүгүнкү күндөн башталган кадамдарыбыз ийгиликтүү болсо экен!
"Ар бирибиз өз дүйнөбүздүн сүрөтүн тартабыз. Жашоону кандай көз менен карасаңар силерге ошондой көрүнөт"-дешет. Демек, жакшы жашоо куруп, ошонун көркөм боёкторун көрүп жүрөлү!
Жашоодон күтүүсүз белек күтө берүү туура эмес. Ар бир күндү майрам, ар бир таңды белек деп кабыл алуу керек экендигин унутпайлы
Таңкы шаардагы кыймылдын башталышынан бир көрүнүш
Активдүү шаар кыймылынан көрүнүш
Ак эмгек, адал иш, бейпил жашоо...
Сергек жашоону тандаган шаар тургуну
Таңкы Бишкек."Кыял" аялдамасы
Сергек жашоону тандаган шаар тургундарынын бири
Бир күндө канчалаган адамды узатып, кайра тосуп алган аялдамалардын бири
Аялдамадан көрүнүш
Жаңы күн, жаңы дем, жаңы кадамдар...
Кыймылдар көбөйгөн шаар көрүнүшүнөн бир кадр
Борбор калаадагы таңкы көрүнүш
Күн бардык жерге текши тиет. Күн башталды...
"Келечекте кантип жашагың келсе, ошол жашоону бүгүн башта" деген Марк Аврелий. Андыктан күндү кантип тосуп алып, кантип өткөрүү өзүбүздөн. Бүгүн жакшы күн болсо экен!
Бүгүн, 29-октябрда кеч күздүн дагы бир кутмандуу таңы атты. "Эмгекчил калктын эртеңи бүгүнкү күндөн башталат" дегендей, таң эртеден күжүрмөн элдин жашоосуна, көчө кыймылына күбө болдук. Француз жазуучусу Антуан Де Сент-Экзюперинин "Эртең менен туруп өзүңө кара, анан сен жашаган планетаны тартипке келтир" деп айтканы бар. Анын сыңары, күндүн башталышы менен Жер шарыбыздын келечеги үчүн жашайлы. Кутман таң, Бишкек!   

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: