super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы массалык эмдөө старт алды

 

Кечээ, 11-июлда өлкө боюнча коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган массалык эмдөө башталды. Бул тууралуу республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана 65 жаштан жогорку курактагылар болуп жалпы 1 миллион 312 миң 450 жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Андан тышкары 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар вакцина алса болот. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

"Өлкөнүн эс алуу бактарында, соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды. 11-июлда Кытайдан келген вакцина түндө аймактарга бөлүштүрүлдү. Учурда кайсы регионго вакцина жетти, канчасы жете элек такталууда.

Калктын иммунитетин иштеп чыгуу, баштапкы беймарал жашоого кайтып келүү үчүн эмдөө алууга, бет кап тагынып, санитардык эрежелерди сактоого чакырам", - деди Бакашова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.07.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Вакйина кытайдыкы болбойт
12.07.2021. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алсакпы же албасакпы деп айтор жалпы эл азыр башы катып турган маал. Элге маалымат жетпей жатат. Пайдасын зыянын элге түшүндүрүү иштери жүрбөй жатат
12.07.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зыян
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: